• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Ош Тазалык” ишканасынын мыкты кызматкерлерине Ардак грамота жана акчалай сыйлык тапшырылды

Аймак 0

Ош, 10.10.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. “Ош Тазалык” МИда 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу ведомстванын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынтык чыгаруу учурунда жалпы жамааттын алдына чыгып “Ош Тазалык” ишканасынын жетекчиси Талант Капаров чыгып сөз сүйлөп, 9 айдын ичинже жүргүзүлгөн иштер тууралуу айтып берди.

Ошондой эле, ишканада үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге Акдак грамота жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Алардын арасында Айзада Нурбаева бар, ал мурда башы жок жансыз сөөктү таап, ал тууралуу укук коргоо кызматкерлерине кабар берген.

Ошондой эле, жыйында жүрүшүндө Кыяз Токтомуратов кесиптик кошуундун төрагасы болуп дайындалып, жалпы жамаатка тааныштырылды.

Пикир

Оставить комментарий