• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

“Ош Тазалык” МИнын кызматкерлерин өзгөчө кырдаалдарга даярдоо боюнча окуу өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 24.05.18. /Кабар/. Кечээ, 23-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы “Ош Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине жеринде Жарандык коргонуу жаатында окуу өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомсвтонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуу жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жалпы түшүнүнүк, ошондой эле өзгөчө кырдаал болуу коркунучу пайда болгондо жана өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда аракеттерине даярдыктары боюнча, кырдаал болгон учурда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери жана биринчи дарыгерге чейинки медициналык жардам берүү боюнча үйрөтүлдү.

Өзгөчө кырдаалдын – жер титирөө, өрт, сел, суу каптоо жана жол кырсыгы боюнча кеңири маалыматтарды берилип, жай мезгилинде сууга түшүүнүн эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Окуунун жыйынтыгында катышуучулар өздөрүнө кызык болгон суроолорго жоопторду алышты.

Пикир

Оставить комментарий