• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Ош-Тазалыктын” кызматкерлери арасында футбол боюнча мелдеш өттү (сүрөт)

Спорт 0

Бишкек, 12.03.18. /Кабар/. “Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкерлери арасында футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оюн ден-соолукту чыңдоо жана сергек жашоо образын түзүү максатында уюштурулду.

“Аппарат кызматкерлери, гараж, инспекторлор, сигнал жана бригадирлер болуп 5 команда кызуу оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында аппарат кызматкерлеринин командасы 1-орунду багындырса, экинчи орунга инспекторлор, 3-орунга гараж командалары жетишти”,-деп айтылат маалыматта.

Мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн ишкананын айдоочусу Карабек Сулайманов “Мыкты коргоочу”, жетектөөчү адис Жеңиш Азимов “Мыкты чабуулчу” номинациясына ээ болушту.

Белгилей кетсек, кызматкерлер арасында мындай спорттук мелдештер жыл сайын өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий