• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Ош ТВ” телеканалына жаңы студия салынат (Сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 14.03.18. /Кабар/. Бүгүн, 14-марта “Ош ТВ” телеканалынын жаңы студиясынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү,-деп кабарлайт Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. Билдирүүго ылайык, ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаты Ашим Осмонов, аксакалдар, Ош шаардык казыятынын, ЖМКнын өкүлдөрү, шаар тургундары жана эмгек жамааты катышты.

Шаар мэрии Айтмамат Кадырбаев “Ош ТВ” телеканалы шаардын жүзү экендигин айтып, ар дайым шаардын өнүгүп өсүшүнө салып кошуп, адилеттүү, ар тараптуу чыгарылыштарды элге тартуулап келе жаткан каналдарды толдуктаарын баса белгиледи.

“Ош ТВ телеканалы 27 жыл тарыхында кандай гана күндөрдү кечирбеди. Албетте бул каналдын маалымат айдыңында өз орду, көрүүчүлөрү бар. Мына дагы бир жакшы жанылык болуп ак өргөлүү болгону жатасынар. Жетекчинер менен биргеликте эмгек жамаат коомдогу социалдык, экономикалык, саясий окуялар, шаардын жашоосун обьективдүү жана ачык айкын чагылдырып, маданияттын өнүгүшүнө салым кошуп, күнү-түнү талыкбай эмгек кылып келе жатасынар. Жаңы студиянардан мыкты журналисттер тапталып чыга берсин",– деди А.Кадырбаев.

ОшТВ телеканалынын жетекчиси Керим Калыкулов өз сөзүндө жаңы студиянын курулушуна жер бөлүп берүүдө, жамаатка жакшы шарттарды түзүүдө шаар башчысынын жардамы чоң экендигин белгилеп, чейрек кылымдан каарыткан ОшТВ ТРК жарандар менен бийликтин ортосундагы алаканы бекемдөөгө дагы да болсо барандуу салым кошо берет деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, ОшТВ телеканалы өз ишмердүүлүгүн 1991-жылы март айында баштаган. Бүгүнкү күндө ОшТВ телеканалы өлкөнүн бардык облусунда 100 пайыз көрсөтөт. Аптанын жети күнү эфирге чыгып, 18-17 саат программасы менен көрүүчүлөрдү тейлейт. Учурда социалдык пакетте жана комерциялык пакетте көрсөтөт. Мындан тышкары АКНЕТ жана Smart tv уланган.

Пикир

Оставить комментарий