• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Ош ТВ» телерадиокомпаниясы Ош мэриясынын менчигине өткөрүлүп берилди

Өкмөт 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. “Ош ТВ” телерадиокомпаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун 100 % мамлекеттин үлүшү Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим шаардын көйгөйлөрүн, муниципалдык кызматтардын ишин, карапайым шаардыктардын турмушун чагылдыруучу телеканал катары “Ош ТВ” телерадиокомпаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомун мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.

Белгилесек, Жалал-Абад шаардык соттун 2011-жылдын 28-октябрындагы чечимине ылайык “Ош ТВ” телерадиокомпаниясы жоопкерчилиги чектелген коому мамлекеттин пайдасына конфискацияланган.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду мындан ары телерадиокомпаниянын ыйгарым укуктуу жалгыз уюмдаштыруучусу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий