• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош: Тыгынды азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы кеңейтилет

Аймак 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа кеңейтилет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов Т. Кулатов кичи районунда аткарылып жаткан иштер менен таанышып, авто тыгындарды азайтуу үчүн айланпанын эки тарабынан тең жолду кеңейтүү керектигин айтты. Бүгүнкү күндө кеңейтүү үчүн жол салына турган жердеги курулуштарды алып салуу иштери жүрүүдө.

Мэр аллея курулуучу жерди да көрүп, куруучу адистерге сунуштарын айтты.

Аллея курула турган жердеги курулуштар алынып, жолдун экинчи тарабындагы соода-түйүндөрүн алып салуу иштери башталды.

Осмонов көчөсүндөгү узундугу 850 метр аллеянын курулушу жаз айында башталып, күзүндө пайдаланууга берилүүсү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий