• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош: Волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрүнө 70 миң сом тапшырылды

Спорт 0

Бишкек, 06.10.18. /Кабар/. Ош шаарынын күнүнө карата “Газпром” спорт комплексинде эркектер арасында волейбол боюнча ачык турнир болуп өттү. Ага Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынан, Жалал-Абад жана Ош шаарынан жалпы 14 команда катышты. Мелдеш үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында болгон.

Ал эми мелдештин тайпалык оюндары 4-октябрда Түштүк регионалдык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде башталган.

Оюндун жарым финалдык жана финалдык бөлүгүнө, шаар жетекчиси Таалайбек Сарыбашов, Жогорку кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Азамат Арапбаев , Айнуру Алтыбаева, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов күбө болду.

Жыйынтыгында 4-орунду Ош МУнун командасы, 3-орунду Баткен облусунун, 2-орунду Жалал-Абад облусундагы ИИМдин ыкчам кызматынын командасы ээлесе, 1-орунду Ош шаарынын курама командасы багындырды.

Жеңүүчүлөргө дипломдор, кубоктор, медалдар жана 4-орунга 20 миң, 3-орунга 30 миң, 2-орунга 50 миң ал эми, 1-орунду ээлеген командага 70 миң сом акчалай тапшырылды.

Ошондой эле катышкан бардык командалар 10 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык жана активдүү катышкандыгы үчүн дипломдор менен сыйланды.

Мындан сырткары, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты коргоочу” номинациялары боюнча сыйлыктар тапшырылды.

Турнирдин максаты волейбол боюнча командалар арасында ынтымакты, биримдикти, достукту жайылтуу жана элдин маанайын спорт оюндары аркылуу көтөрүү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий