• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош, Жалал–Абад жана Баткен облустарынын туристтик тармагын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 20.02.19. /Кабар/. Кечээ, 19- февралда өкмөттүн Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Жогорку Кеңешинин депутаттары жана Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулунун катышуусу менен түштүк аймагынын туристтик потенциалын өнүктүрүү темасында көчмө жыйын өттү.

Жыйын өкмөттүн Ош, Жалал – Абад жана Баткен облсутарынын Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Ош облусундагы туристтик бизнес секторлордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтүп, облус аймагындагы туризмди өнүктүрүү тууралуу негизги маселелер, алдыга койгон максаттар жана көйгөйлөр талкууланды.

Туризм тармагы экономикалык өсүштөргө салым кошуучу бирден–бир кирешелүү тармактардын бири болуп эсептелет. Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүүгө көп мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстан - бай тарыхый жана маданий мурастар, бири–биринен өткөн кызыктуу жайкы жана кышкы сезондору аркылуу маданий таанытуучулук, экологиялык, айыл – чарбалык, экстремалдык жана күтүүсүз окуяларга бай өлкөлөрдүн катарына кирип, экономикалык өсүшүнө түз таасир тийгизе турчу күчкө бар өлкө.

Пикир

Оставить комментарий