• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустук соттору жыл жыйынтыгын чыгарышты

Коом 0

Бишкек, 13.02.21. /Кабар/. 2021-жылдын 12-февралында Ош, Жалал-Абад жана Нарын облусундагы жергиликтүү соттор жыл жыйынтыгын чыгарышты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кеңешменин ишине видеоконференция байланыш аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова, Жогорку соттун төрайымынын орун басарлары Нургүл Асанова, Айнаш Токбаева жана Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиевдер катышты.

Алгач Ош облусунун жергиликтүү соттору 2020-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат беришти. Ош облустук сотунун соттук коллегияларынын төрагаларынын орун басарлары 2020-жылдын ишмердүүлүгүн 2019-жылга салыштырып, судьялар тарабынан сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатынын көрсөткүчтөрү тууралуу жана саны боюнча маалыматтарды өз баяндамаларында айтып өтүштү.

Ош облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаев кеңешмени жыйынтыктап, судьяларды жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, коомчулук менен бирге иш алып барып, соттук талаш-тартыштардын алдын алууга, сот адилеттигин ишке ашырууда бирдей тажрыйбага жетишүүгө, элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга багытталган маанилүү маселелерге токтолду.

Андан соң онлайн кеңешме Жалал-Абад облустук соту менен уланды. Жыйында облустук соттун төрагасынын орун басарлары ар бир судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашырууда иштерди кароо сапаты жана жүктөмдөрү боюнча маалымат менен тааныштырышты. Ошондой эле иштерди кароодо келип чыккан суроолор талкууланды.

Мындан тышкары, апелляциялык инстанцияга даттанылган соттук актылардын бузулушу жана өзгөртүлүшү боюнча талкуулар жүргүзүлүп, биринчи инстанция сотторунун кетирген кемчиликтерине көңүл бурулду.

Ал эми күндүн экинчи жарымында жыл жыйынтыгы менен Нарын облусунун жергиликтүү соттору чыгышты. Кеңешмеде жергиликтүү бийлик органдары, коомдук уюмдар жана аксакалдар соттору менен биргеликте иш алып барууда ошондой эле колдонуудагы кодекстердин айрым беренелери өзгөртүүлөр менен толуктоолордун зарылчылыктары тууралуу пикирлер ортого салынды.

Нарын облустук сотунун төрайымы Майрагүл Дуйшенбекова толуу аймактагы соттордун ишмердүүлүгү боюнча жалпы маалымат берип, кемчиликтерди кайталабоонун, жетишкен саамалыктарды мындан ары да бекемдөөнүн жагдайларына токтолду.

Өз кезегинде Жогорку соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова жалпы сот тармагынын алдындагы милдеттерге токтолуп,эң башкысы сот адилеттигин ишке ашырууда бирдей тажрыйбага жетишүүнү, мамлекеттик органдар менен өз ара бирдиктүү иш алып барууну жана коомчулукта элдин сот тутумуна болгон ишенимин кайтарууда мыйзамдын талаптарын бекем сактоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий