• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош жана Айдаркенде МЧКга чакыртылган жаш жоокерлер ант беришти

Коом 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. 2018-жылдын 29-сентябрында Ош жана Айдаркен шаарларында “Күз-2018” чакыруусундагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына чакыртылган жаш жоокерлердин салтанаттуу аскердик ант алуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Райимберди Дүйшенбиев аскердик ант берген жаш жоокерлердин алдына чыгып сөз сүйлөп, өз сөзүндө “Аскердик ант алуу күнүн силер эч качан унутпайсыңар. Ушул күнү силер күжүрмөн чек ара биримдигинин бир бөлүгүн түздүңөр. Силерге Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын жана суверитетинин коргоо боюнча чоң жоопкерчилик жүктөлдү”-деп айтып өттү.

Аскердик ант берүү – бул аскердик маанилүү жөрөлгөлөрдөн болуп эсептелет жана бул күн ар бир аскер кызматкердин сыймыктануу менен эстей турган күнү болуп эсептелет.

Бүткүл Республика боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын тарамдарына аскердик кызматка чакыртылган 800дөн ашуун жаш жоокерлер Ата-Мекенине жана өз элине кызмат кылууга ант беришти.

“Акыркы жылдары чек ара аскерлигинде кызмат өтөөгө каалоосу бар жаштардын саны өсүүдө, бул да болсо жаш муундарды тарбиялоодо биздин күч аракеттербиздин жыйынтыгы деп эсептейм. Эң башкысы – Мамлекеттик чек ара кызматына жаштардын кызыгуусу бул бизде түзүлгөн шарттар, жаңы чек ара комплекстеринин курулуп пайдаланууга берилиши, ошону менен катар эле бир топ обьектилердин курулушу өсүп келе жаткан муундун кызыгуусун арттырууда. Ошону менен бирге эле бизде аскер кызматкерлердин арасында уставдык эмес мамилелердин жоктугу”-деп билдирди МЧКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Ильгиз Талипов.

Аскердик ант алгандан кийин чек ара сакчылары Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош, Баткен жана Ыссык-Көл облустарынын окуу борборлорунда жаш жоокерлер курсунан өтүүнү улантышат.

Пикир

Оставить комментарий