• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош жана Андижан облустары экономикалык байланыштарды күчөтөт

Аймак 0

Ош, 05.07.18. /Кабар/. Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү башында турган Ош облусунун делегаттары Өзбекстандын Андижан шаарына барышты. Сапардын алкагында делегаттар Хужаобод районундагы “Нил-Грант” кездеме чыгаруучу ишкана менен таанышышты. Мында түрк технологиясынын негизинде кездемелерге боек берилип гүл түшүрүлөт.

Андан соң ушул эле райондогу “Навигул” мөмө-жемиш кургатуучу кайра иштетүү ишканасын көрүштү. Негизинен бул жерде мөмө жемиштер атайын тоңдурулуп сакталат. Учурда алча жана кокон гиласти тоңдуруп даярдап жатышат.

Андижан облусунда жеңил өнөр-жай анын ичинде тигүү фабрикалары кенен кулач жайган. Алардын эң ириси “Сабо хамкор” гидропоника ишканасы. Бул тигүү ишканасы Өзбекстандын ички базарларын эле кийим кечек менен камсыздабай кошуна өлкөлөргө кала берсе алыскы Америка, Италиядан тарта жүз миңдеген буюртмаларды алып жеткирип беришет.

Андижан шаарынын өзүндө КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов менен Андижан облусунун акими Шухратбек Абдурахманов эки тараптуу расмий жолугушуу өткөрдү. Мында эки элдин достугу, чек аралардын ачылып элдердин эркин каттоосу жолго түшүп калк арасында өлкө башчыларына карата ыраазычылыктар көп экендиги белгиленди. Эми болсо алдыда соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты арттыруу, бул багытта ишкерлерге жагымдуу шарт түзүү сыяктуу иштерди биргеликте алып баруу маселелери талкууланды.

Күндүн экинчи жарымында делегация бир катар медициналык каражаттарды, дары-дармек чыгарган ишканалардын абалы менен жакындан таанышты. Ошондой эле сүт багытындагы уй, эчкилерди баккан фермердик чарбаны, балык баккан фермерлердин ишмердүүлүгү менен да таанышканга мүмкүндүк алышты.

Өзбек бийлиги көп кабаттуу үйлөрдү куруу менен калкты турак-жай менен камсыз кылуу долбоорун колго алган. Бул багытта учурда Андижан облусунда 7 кабаттуу 20 үй салынып жатат. Делегация өкүлдөрү курулуштун жүрүшү, калкка ипотекалык насыяда берүү эрежелери тууралуу пикир алышты.

Жумушчу сапар жыйынтыгында эки облус ортосунда жер семирткичти кайра иштеп чыгаруучу ишканалардын фирмалык дүкөндөрүн айыл чарбасына ылайыктуу райондордо ачуу талкууланды. Андан сырткары ишкерлерлерди облус аймагына өз инвестициясын салууга чакырык ташталды. Туризм, саламаттыкты сактоо, курулуш жаатында да чогу иш алып баруу бул багытта дагы ири иш-чаралар түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий