• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош жана Андижан облустарынын ортосунда волейбол боюнча достук мелдеши өттү

Аймак 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Бүгүн 23-декабрь күнү Ош облусунун жана Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун ортосунда достук мелдеши өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш эркектер жана кыз-келиндер арасында болду.

Иш-чаранын ачылыш аземине КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов катышып, эки элдин ынтымагын бекемдеген иш-чаралар мындан ары да өткөрүлүп турат деп билдирди.

“Кыргыз-өзбек эли эзелтен бери жакшы мамиледе, ынтымакта жашап келген. Азыркы учурда Ош облусу менен Анжидижан облусу достук мамиледе иш алып барып жатабыз. Эки элдин ынтымагын, эки облустун достугун бекемдеген иш-чараларды мындар ары да өткөрөбүз”, - деди Зиядин Жамалдинов

Достук мелдеши төмөндөгудөй жыйынтыкталды:

Эркектер арасында:

- Ош облусу 3:0 Андижан облусу.

Кыз-келиндер арасында:

- Ош облусу 3:1 Андижан облусу.

Пикир

Оставить комментарий