• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош жана Балыкчы шаарлары кадастр системасын түзүү боюнча кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Ош жана Балыкчы шаарлары кадастр системасын түзүү боюнча кызматташат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ош шаарынын мэриянин кеңешчиси Эмилбек Шадыханов менен аналитика бөлүмүнүн башчысы Мирлан Казыбай уулу Балыкчы шаарына иш сапары менен барды. Анда Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Азиз Асаналиев менен жолугуп, кадастр системасы жана иш кагаздарын электрондук түргө өткөрүү боюнча кызматташуу багытында сүйлөшүшкөн.

Жыйындын алкагында Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы аталган багыт боюнча тажрыйба алмашып, кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Жыйынтыгында эки шаар ортосунда өз ара макулдашуу болуп, Балыкчы шаарында ишке ашкан системаны Ош шаарына адаптация аркылуу бекер берүү макулдашылды.

Белгилей кетсек, учурда Балыкчы шаарында муниципалдык, мамлекеттик жана жеке менчик жерлерди аныктоо иштери 85 %га бүткөн.

Пикир

Оставить комментарий