• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош жана Баткен облустарында селден кийинки калыбына келтирүү иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Кечээ, 18-майдагы катуу жааган жамгырдан улам сел суулары каптаган Ош жана Баткен облустарында калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, катуу жааган жаандан улам Кадамжай шаарын сел суулары каптап, турак үй жана социалдык объектилердин короолоруна кирген. Тазалоо иштерине КР ӨКМнин Баткен облусундагы куткаруучулар тартылып, жеринде башкармалыктын башчысы полковник О. Пазыловдун жетекчилиги менен координациялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Ош облусунда Жаңы-Арык – Кызыл-Суу унаа жолунун 4 (Ак-Терек тилкеси), 14 (Учкун тилкесинде) жана 28-чакырымындарын (Өзгөн районунун Кара-Таш тилкесинде) сел суулары каптап, жолду жаап калган. Бүгүн жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө №45 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, 2 самосвал тартылган.

Өзгөн районунун Кызыл-Тоо Айыл өкмөтүнүн Доңуз-Тоо айылында ички чарбалык жолду сел суулары жеп кеткен. Бүгүн жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө Өзгөн райондук ӨК бөлүмүнөн 1 офицер, Өзгөн райондук №53 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылды.

Мындан тышкары, Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Корсетти айылында ички чарбалык жолду сел суулары каптаган. Бүгүн жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө Өзгөн райондук ӨК бөлүмүнөн 1 офицер тартылды.

Пикир

Оставить комментарий