• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ош жана Баткен облусунда жаңы жаратылыш парктары түзүлөт – Мусаев

Коом 0


Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Ош облусунун Чоң-Алай өрөөнүндө жана Баткен облусунда Арка өрөөнүндө эки жаратылыш паркы түзүлөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарын жана биоартүрдүүлүктү сактоо департаментинин директору Алмаз Мусаев билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда 23 өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймагы бар.

"Алардын ичинен 22 жаратылыш аймагы биздин агенттиктин карамагында турат. "Ала-Арча" жаратылыш паркы президенттин иш башкармалыгына карайт. 23 өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймагынын 10у корук болуп саналат. Ал жерде чарбалык иштерге тыюу салынып, илимий жана жаратылышты сактоо иштери жүргүзүлөт. Ал эми калган 13ү жаратылыш паркы болуп саналат. Ал жерлерде жаратылышты коргоо, илимий иштер жана рекреациялык туризм иштери жүргүзүлөт. 23 жаратылыш аймагынын жалпы аянты 1 млн 400 миң гектарды түзөт. Ал Кыргызстандын жалпы аянтынын 7,3%ын түзөт", - деди ал.

Ал белгилегендей, агенттиктин алдында ал аянтты 10%га жеткирүү максаты турат.

"Ош облусунун Чоң-Алай өрөөнүндө "Чоң-Алай" жаратылыш паркын түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул маселе боюнча жергиликтүү бийлик жана эл тарабынан колдоо таптык. Андан тышкары Баткен облусунда Арка өрөөнүндө жаратылыш паркын ачуу боюнча иштер башталды", - деп, ал башка облустарда да өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарын түзүү планы бар экенин айтып өттү.

Ошол эле учурда ал белгилегендей, айрым учурда жаратылыш аймактарын түзүү демилгесин жергиликтүү эл колдобойт.

"Кыргызстан мал чарбачылыгына ыктаган өлкө болгондугуна байланыштуу өзгөчө коргоодогу аймактарды ачууда кыйынчылыктар болот. Анткени, жергиликтүү тургундар "бизге мал жайганга жерибиз жок болуп жатат, бизге парктын кереги жок, биз мал жайып иш кылат элек" деген сөздөр айтылат. Мындан улам биз өзгөчө коргоодогу аймактарга туристтерди тартуу боюнча иш алып баруудабыз. 2019-жылы өзгөчө коргоодогу аймактарга 70 миң киши келип, эс алып кеткен. 2018-жылга караганда өзгөчө коргоодогу аймактарга 5 миң кишиге көп келген. Чет элден келген жарандардын саны артып жатат. Өткөн жылы чет жерден 7 миңге жакын киши келген", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий