• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош жана Баткенде таза суунун жоктугунан сарык менен ооругандардын саны өстү

Коом 0

Бишкек, 28-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Ош жана Баткенде борборлоштурулган таза суунун жоктугунан сарык менен ооругандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, сарык оорсуусу кир кол, жуулбаган жер жемиштер аркылуу жугат. “Ош жана Баткен облустарында аталган оору көп катталат. Анын себеби ал жакка таза суунун жетишсиздиги. Мындан улам аталган аймактарда көрсөткүч Бишкекке салыштырмалуу жогору бойдон сакталууда”,-деди ал.

Ошондой эле, Улуттук госпиталдын гастроэнторологу Эльвира Жакишева учурда “В” жана “D” сарыктын эки түрү менен Талас, Баткен жана Ош облусунун жарандары көп кайрылууда.

“Сарыктын «D» түрү 6-7 жылдан кийин боордун циррозуна өтүп кетет. Мындан улам биз бул формадагы ооруга көп көңүл бөлүшүбүз керек. Негизи сарык айыктырууга мүмкүн болгон оору. Маселен тиешелүү чаралар көрүлгөндөн соң бир айдан кийин канда вирус табылбай дагы калышы мүмкүн”,-дейт Эльвира Жакишева.

Мындан тышкары Саламаттыкты сактоо министрлиги сарык болуп ооругандардын 80% каза болот деп билдирди. 2017-жылдын биринчи жарымында сарык менен ооругандардын 0,07% каза болгон. Тагыраагы катталган 3032 оорулуудан 3 адам каза болгон. Алар 14 жашка чейинки сарыктын “А” түрү менен ооругандар. Медкызматкерлер бул көрүнүш ата-энелер балдардын диетасын көзөмөлгө алышпагны же алардын ооруканадан качып кеткенине байланыштуу дешет.

Пикир

Оставить комментарий