• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош жана Чүйдө турак үйлөр өрттөнүп, төрт адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган. Бул туралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарынын Ленин көчөсүндө турак үй толугу менен күйгөн жана өрт жанында жайгашкан үйгө өтүп, анын 70 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен 59 жаштагы К.Н., 36 жаштагы К.Н., 56 жаштагы К.А. аттуу эркек кишилер жабыркап, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Ошондой эле Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Чернышевкий көчөсүндө турак үйдүн 12 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттөн 74 жаштагы З.М. атуу үйдүн ээси түтүнгө уланып, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий