• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош жана Ярославль шаарларынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Аймак 0

Бишкек, 12.04.18. /Кабар/. Кечээ, 11-апрелде “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Мыкты муниципалдык практикалардын” V- Эл аралык форумунда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Ярославль шаарынын мэринин коомчулук менен байланыш, эл аралык мамилелер боюнча орун басары Вячеслав Гаврилов менен жолугуп, эки шаар ортосунда кызматташуу боюнча протоколго кол койушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу багытында сүйлөшүлөр жүрүп, 2018-жылы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы иш-чараларды өткөрүү боюнча келишимдер түзүлдү.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев инвестиция тартуу, туризм багытын өнүктүрүү, билим берүү, маданият жана башка багыттарда тажырыйба алмашуу менен бир топ жакшы ийгиликтер боло тургандыгын билдирип, Ош шаарынын мэриясы Ярославль шаары тарабынан өткөрүлө турган иш-чараларды ар дайым колдоого даяр экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, Ош шаары 16 шаар менен достук келишиминде. Алардын ичинен Россиянын Санкт-Петербург жана Новосибирск шаарлары менен кызматташып келген. Мындан ары достук келишимине кол коюлган Ярославль шаары менен да кызматташат.

Айта кетсек, “Мыкты муниципалдык практикалардын” V- Эл аралык форумунда Ош шаары алты муниципалдык практика боюнча презентация кылды.

Пикир

Оставить комментарий