• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош жана Маниса шаарлары таза суу менен камсыздоо жаатында тажрыйба алмашат

Коом 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Ошко суу менен камсыздоо тармагында тажрыйба алмашуу үчүн боордош Маниса шаарынан делегация келди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун чакыруусу менен Түркия Маниса шаарынын делегациясы Ош шаарына таза суу менен камсыздоо жаатында тажрыйба алмашуу максатында иш сапары менен келди.

Делегация менен болгон жолугушууда Мамбетов Ош шаары боордош шаарлар менен эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө ар дайым даяр экенин белгилеп, түрк тилдүү мамлекеттердин муниципалитеттери менен тарыхый тыгыз байланышы бар экенин баса белгиледи.

Делегациянын өкүлү, Маниса шаарынын суу менен камсыздоо ишканасынын башкы директорунун орун басары Гөкхан Чевик делегация Оштогу суу менен камсыздоо ишканаларын кыдырып, өз сунуштарын берүүгө жетишкенин айтты. Көптөгөн перспективдүү багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү зарылчылыгы да баса белгиленди.

Эске салсак, ушул жылдын июнь айында Маниса шаарында Ош жана Маниса шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча программага кол коюлган, анда шаар көйгөйлөрүн чечүү боюнча ар тараптуу тажрыйба алмашуу каралган.

Пикир

Оставить комментарий