• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ош жана Тюмень шаарлары өз ара кызматташтыкты өнүктүрөт

Аймак 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев шаардык суу чарба, тазалык ишканаларынын жетекчилери менен бирге Россиянын Тюмень шаарына иш сапары менен барды.

Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, сапардын алкагында Жунусбеков баштаган делегация өкүлдөрү Тюмень шаарынын мэринин чарба, транспорт иштери боюнча орун басары Семён Тегенцев менен жолугушту.

Жолугушуунун максаты эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу. Ага ылайык таза суу, таштандыны кайра иштетүү, канализация маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий