• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош жана Токмоктун айрым райондорунда 5-6-апрелде газ болбойт

Коом 0

Бишкек, 05.04.18 /Кабар/. «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Ош жана Токмок шаарларынын айрым райондорунда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.

"Газпромдун" басма сөз кызматы билдиргендей, төмөнкү райондордо газ болбойт:

- 5-апрелде Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө;
- 6-апрелде Токмок шаарынын Пушкин, Фучик, Казакстан көчөлөрүндө.

Белгилей кетсек, оңдоо иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий