• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош жана Жалал-Абад облустарына 2600 беткап жана көз айнек комплектери жөнөтүлдү - Акматова

Аймак 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Дарыгерлер жеке коргоо каражаттары менен керектүү көлөмдө камсыздалып жатат. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Ош жана Жалал-Абад облустарына кечээ күнү 1200, бүгүн 1400 даана беткап жана көз айнек комплектери жөнөтүлдү.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталды. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий