• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош жана Жалал-Абад шаарларынан Ысык-Көлгө түз авиакаттамдар ачылат

Аймак 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Ош жана Жалал-Абад шаарларынан Ысык–Көлгө түз авиакаттамдар ачылат. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021–жылы туристтик мезгилдин ачылышы менен «Ысык–Көл» аэропортуна Ош жана Жалал-Абад шаарларынан түз учууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

18-июндан тартып, «Тез Жет» авиакомпаниясы Ош – Ысык-Көл – Ош жана Жалал-Абад – Ысык-Көл – Жалал-Абад эки туруктуу каттамдарды ачууда.

Ош шаарынан каттамдар жумасына 3 ирет жүргүзүлөт (шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү).

Ал эми Жалал-Абаддан каттамдар жумасына 2 ирет жүргүзүлөт (дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү).

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК авиабилеттерди сатуу менен алектенбейт жана бааларды көзөмөлдөп, ага таасир тийгизе албайт. Ошондой эле авиакомпания менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы финансылык карым-катнашка кийлигишпейт.

Пикир

Оставить комментарий