• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош жана Жалал-Абад шаарларында 2 жаран сууга чөгүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 18.06.20 /Кабар/. Ош жана Жалал-Абад шаарларында 2 жаран сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ош шаарында Мирсатов көчөсүндө 17-июнь күнү саат 10:46да 42 жаштагы эркек киши Увам каналына кулап кеткен. Окуя жерине келген куткаруучулар анын жансыз денесин суудан алып чыгып, укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен.

Жалал-Абад шаарында 14-июнь күнү 31 жаштагы эркек киши Кара-Суу дарыясына чөгүп кеткен. Учурда анын денеси табыла элек. Издөө иштерине 11 куткаруучу жана 5 милиция кызматкери тартылган.

Пикир

Оставить комментарий