• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош жана Жалал-Абад шаарында өзбек кино күндөрү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 30.05.19. /Кабар/. Ош жана Жалал-Абад шаарында өзбек кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Тасмалар Ош шаарында 6-8-июнь күнү, ал эми Жалал-Абадда 7-июнда көрсөтүлөт.

Кино сүйүүчүлөрдүн назарына Рашид Маликов, Умид Хамдамов жана Сарвар Каримовдун үч өзбекстандык тасма тартууланат. Белгилей кетсек, ал тасмалардын арасында Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасынын негизинде тартылган тасма да көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий