• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош жана Жалал-Абадда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча координациялык жолугушуулар өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 03.10.20. /Кабар/. Ош жана Жалал-Абадда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча координациялык жолугушуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өкмѳт тарабынан бекитилген үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча 2020-жылдын кечиктирилгис иш-чаралардын планын аткаруунун алкагында, 30-сентябрда Ош жана Жалал-Абад шаарларында Эмгек жана социалдык ѳнүгүү министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин ведомстволук, түзүмдүк бѳлүнүштѳрүнүн жана Акыйкатчы аппаратынын Ош шаарындагы, Ош облусундагы ѳкүлдѳрүнүн, жарандык коомдун катышуусу менен маалыматтык жолугушуулар ѳттү.

Жолугушуулар Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын финансылык колдоосу менен Укукту жана мыйзамдарды ѳнүктүрүү Борбору тарабынан Ош юстиция башкармалыгынын жана Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын тыгыз ѳз ара аракеттешүүсү менен уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ аялдардын жана кыздардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүк тармагындагы укуктарын жана кепилдиктерин камсыз кылуудагы кѳйгѳйлѳрү жана анын формалары жѳнүндѳ, аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык формалары менен күрөшүүгө багытталган “Жарык нуру” глобалдуу демилгеси жѳнүндѳ жана үй-бүлѳлүк зомбулуктун курмандыктарына мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды кѳрсѳтүү жѳнүндѳ маалыматтары менен Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи “Укукту жана мыйзамдарды ѳнүктүрүү Борбору” коомдук фондунун директору - Марипа Сейдалиева, “Сот-айымдардын Ассоциациясы” коомдук бирикмесинин байкоочу кеңешинин тѳрагасы - Чинара Айдарбекова, жана “Борбордук азиянын юристтеринин лигасы” коомдук бирикмесинин башкармалыгынын тѳрагасы - Алмаза Османова чыгып сүйлѳштү.

Жолугушуунун катышуучулары талкуунун жүрүшүндѳ аялдардын жана кыздардын үй-бүлѳлүк зомбулуктан коргонуу укуктарынын сакталышынын маселелерин активдүү талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий