• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ош: Жапалак аймагында суу кампасы курула баштады

Аймак 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. Бүгүн, 16-августта Ош шаарында 6000 м3 болгон суу кампанын курулушуна капсула салынды, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Капсула салуу аземине шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев жана Жапалак айылынын тургундары катышкан.

Суу кампа Жапалак айылдык аймактык башкармагын таза суу менен камсыздоо максатында курулууда. Курулушка республикалык бюджеттен каражат каралып, тендердик баасы 42 млн. 496 256 сомду түзгөн.

“Чынында Ош шаарында жамгыр жааганда эле суу токтоп, суу көйгөйү бар. Бул маселени чечүүнүн аракеттерин көрүшүбүз керек. Мына бүгүн Жапалак аймагын таза суу менен камсыздоо максатында суу кампанын курулушун баштадык. Бул долбоордун ишке ашуусуна жардам көрсөткөн өлкө башчыбызга, өкмөткө, ЖК депутаттарына ыраазычылык билдиребиз”, - деди мэр.

Пикир

Оставить комментарий