• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош: Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында таштанды ташуу үчүн жаңы система иштейт

Аймак 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Февралдан тартып Ош шаарындагы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында таштанды чыгаруу боюнча сигнал системасы ишке киргизилет. Тагыраагы, жумасына бир жолу мекеменин таштанды ташуучу унаалары тарабынан таштандылар жыйналып алынат. Бул тууралуу "Ош-Тазалык" ишканасынын отчеттук жыйынында айтылды.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, бул жылы Жапалактагы жашоочулар жана бардык объектилер жаңы системага кошулушу керек.

Белгилей кетсек, бул аймакта 11 айыл, 30 миңдин тегерегинде жашоочу бар.

Пикир

Оставить комментарий