• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош ЖЭБси күз-кыш мезгилине 85 % даяр

Аймак 0

Ош, 13.09.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаардык “Жылуулук камсыздоо” МИсы күз-кыш мезгилине 85 пайыз даяр. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2017-2018-жылдардын күз-кыш мезгилине карата ремонт иштеринин 85 пайызы аяктап калды.

Эскилиги жетип, авариялык абалдагы мештер алмаштырылып, жаңылары орнотулду. Жаңы мештер эскиге салыштырмалуу жылуулукту бир кыйла жакшы иштеп чыгат.

“Кыш мезгили келээри менен алгач жылуулук оорукана, мектеп, бала бакча жана Ош шаарынын социалдык мекемелерине берилет”,-деп айтылат маалыматтта.

Пикир

Оставить комментарий