• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош: Жергиликтүү бюджеттин казынасына 150 млн сом түшпөй калышы мүмкүн

Аймак 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин казынасына 150 млн сом түшпөй калышы мүмкүн. Бул тууралуу Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов брифингдин жүрүшүндө билдирди.

Анын маалыматына караганда, атайын адистер тарабынан антикризистик программа иштелип чыкты.

"Мектеп окуучуларына берилүүчү ысык тамак-ашка жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө бюджеттен атайын акчалар каралат эле. Алардын баарын кайрадан карап, бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүдөбүз. Бүгүнкү күндө 150 млн сомдун 50 млн сомунун ордун толуктап жатабыз десек болот. Андан тышкары, жакында унаа курулуш ишканасы ишке кирет, "Кыргыз текстиль" ишканасы да быйыл ишке кириши мүмкүн, жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Жаңы жумуш орундарын түзүп, жыл аягына чейин жоготууларды толуктайбыз деген үмүттөбүз", - деп баса бегиледи Сарыбашов.

Мэр кошумчалагандай, Салык кызматына да тапшырмалар берилүүдө, буга чейинки көмүскө салыктар каралып, жергиликтүү бюджетти толуктоо боюнча иштер жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий