• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ОШ: Жибек-Жолу аймактык кеңешинде алгачкы мектептин курулушу жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 8-июнь /Кабар/. Кечээ, 7-июнда Ош шаарынын Жибек-Жолу аймактык кеңешинин 222-кварталындагы 275 орундуу орто мектептин курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

тш чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары келип катышты.

Шаар мэри Айтмамат Кадырбаев Жибек-Жолу аймактык кеңешине алгачкы социалдык объект түшүп жаткандыгын белгилеп, акырындык менен бала бакча, суу маселелери чечиле тургандыгын билдирди.

“Көйгөйлөрдү жеринен билип алуу үчүн жылына эки ирет эл менен жолугушуу өткөрүп келем. Алардын жыйынтыгы мына ушундай жакшы саамалыктарды жасоого түрткү болот. Жибек-Жолу аймактык кеңешинде мектептин курулушу кызуу жүрүп жатат. Андыктан, шаардын ар кайсы райондоруна каттап жаткан келечек муундарга ыңгайлуу шарт түзүүгө аракет кылып жатабыз. Кийинки жылы курулуш иштери бүтүп, сентябрда пайдаланууга тапшырылат деген үмүтүбүз чоң”, – деди А.Кадырбаев.

Ал эми аталган аймактын тургундары үчүн мектептин курулушу чоң жетишкендик экендигин билдирип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиришти.

Белгилей кетсек, мектептин жалпы сметалык баасы 97,0 млн сом, ал эми тендердик баасы 61,0 млн сомду түзөт. Курулуш иштери «Дамак Строй» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлөт.

Айта кетсек, Ош шаарында акыркы үч жылдын ичинде 6 бала бакча, 2 мектеп, бир спорт зал ашканасы менен курулуп, пайдаланууга берилди. Учурда дагы 2 бала бакчанын, 6 мектептин, ашканасы менен 1 спорт интернатынын курулушу кызуу жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий