• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош: Жол кыймылынын эрежелерин бузган жарандарга 8 сааттын ичинде 39 протокол түздү

Аймак 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Ош шаарында жолдон өтүүдө жол кыймылынын эрежелерин бузган жарандарга 8 сааттын ичинде 39 протокол түздү. Бул тууралуу Ош шаардык мидициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун тескемесине ылайык, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдөгү жол унаа кырсыгын азайтуу максатында атайын план түзүлүп, түшүндүрүү иштери башталды.

Ош шаардык милициясынын Ак-Буура жана Сулайман-Тоо бөлүмдөрүнүн аймактык тескөөчүлөрү Милициянын кайгуул кызматы бөлүмү менен биргеликте атайын план түзүп, жолдон жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдөн өтпөй, жол кыймылынын эрежелерин бузган жарандарга түшүндүрүү иштери жүрүп,
протоколдор түзүлдү.

Ош ШИИБдин Ак-Буура, Сулайман-Тоо милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте Милициянын кайгуул кызматы бөлүмү Ош шаарындагы 11 тилкеде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Анын алкагында милициянын аймактык тескөөчүлөрү жана кайгуул кызматкерлери тарабынан жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдөн өтпөй, ЖКЭни бузган жарандарга 8 сааттын ичинде Укук бузуулар кодексинин 190-беренесинин ("Жөө жүргүнчү жөө өткөлүү жерден өтпөгөндүгү үчүн") негизинде 39 проктоколдор түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий