• 84.8
  • 102.11
  • 1.15

Ош: жолдорго 46 тонна туз, 18 тонна кум чачылды

Аймак 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Ош шаарынын жолдорун, тротуар, аялдамаларынын айланасындагы кар, муздарды тазалоо иштери уланууда.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, тазалоо иштерине 4 муниципалдык ишкана жумушчу топ алып барган.

Шаардык жолдор башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, тазалоо ишерине 20 атайын техникалык унаа жана 50гө жакын жумушчу тартылган.

"Көчөлөргө 46 тонна туз, 18 тонна кум чачылган. Мындан сырткары, жолдордун адам басуучу бөлүктөрүн кар, муздан тазалоо үчүн атайын жумушчу топ тартылган", - деп кошумчалашты мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий