• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ош шаардык ЖЭБи 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 22.01.22. /Кабар/. Кечээ, 21-январда Ош Жылуулук электр борбору 2021-жыл ичинде аткарылган жумуштардын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, шаардык мэриянын тиешелүү бөлүмүнүн адистери, ишкананын жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Сонунбек Жунусбаев мэр Алмаз Мамбетовдун атынан жасалып жаткан иштерге ыраазычылык билдирип, бул жылы ички жылуулук тармактарын оңдоодо биргелешип каржылоо долбоору каралып жатканын белгиледи. Бул багытта аткаруу бийлиги тарабынан көмөк көрсөтүлөт.

Ош шаардык ЖЭБинин жетекчиси Нурлан Арапбаев шаардыктарга сапаттуу кызмат көрсөтүүдө мэриянын демилгелерин карап чыгууга даяр экенин билдирди.

2021-жылы ишканада негизги жабдуулар капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 3084 метр кварталдык жана магистралдык түтүктөрү алмаштырылган. Ошондой эле, өткөн жылы ЖЭБ 171,8 миң Гкал жылуулук энергиясын өндүрүп, өткөн жылга салыштырмалуу 5,1 миң Гкалга көбөйгөн.

Ош ЖЭБи 36 билим берүү мекемесин, 12 саламаттык сактоо мекемесин, 5 өндүрүш объектисин, 8 жогорку окуу жайын, 333 көп кабаттуу, 192 жеке турак үйлөрдү жана 323 башка мекеме-ишканаларды жылуулук менен камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий