• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош милициясы: Алынган акча каражаты боюнча иликтөө жүргүзүлүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Алынган акча каражаты боюнча иликтөө жүргүзүлүүдө, - деп билдирет Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 1-октябрында Ош ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда ошол эле күнү саат 18:00 чамасында Кара-Суу районунун Нариман айылында белгисиз адам тарабынан акча сунушталып жаткандыгы айтылган.

"Аталган маалымат Ош ОИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Алгачкы тергөөнүнүн жүрүшүндө 2020-жылдын 25-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынын жаранында жалпы суммасы 313 миң сом акча каражаты бар экендиги аныкталган. Азыркы учурда кайсыл бир партияга тиешеси бар же жок экендиги боюнча тиешелүү тергөө амалдары аткарылууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий