• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

«Ошэлектр» ААКга 5 млн 850 миӊ евро насыялык жана гранттык каражат алынууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29-май /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыялык макулдашууну («Ошэлектр» ачык акционердик коомун реабилитациялоо» долбоору) жана «Ошэлектр» ачык акционердик коомун реабилитациялоо» долбоору боюнча гранттык макулдашууну жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин маалыматына караганда, бул долбоорлор электр энергия менен камсыздоо тармагынын электр чубалгыларын жана трансформаторлорун жаңылоо, жаңы үлгүдөгү АСКУЭ эсептегичтерди сатып алуу жана орнотуу, электр тармактарын калыбына келтирүүгө багытталган.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан 4 миллион евро көлөмүндө 1 пайыз үстөгү менен насыялык каражат жана 1 миллион евро гранттык каражат жана 850 миӊ евро гранттык техникалык жардам бөлүп берет. Насыялык каражат «Ошэлектр» ачык акционердик коомун рекредиттөөгө жумшалгандыктан, республикалык бюджетке күч келтирилбейт.

Депутат Сайдулла Нышанов калктын басымдуу бөлүгүнүн нааразылыгын жаратып жаткан «акылдуу» электр эсептегичтеринин азыркы абалына кызыкты. Улуттук энегохолдингдин өкүлү Нурбек Абасканов ал боюнча 1100 даттануу түшкөнүн, азыр алардын баары териштирилип бүткөнүн билдирди. «Өткөн жылы «акылдуу» эсептегичтерди тейлеген «Сапатком» компаниясы банкрот болуп, октябрь айында байланыш өчүп калган. Ошондон улам, декабрь айынын аягына чейин электр эсептегичтер үзгүлтүккө учурады. Азыр акыбал оӊолду», - дейт ал.

Ал эми Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев 2018-2020-жылдарга карата электр энергиясынын тарифи 10 пайызга көтөрүлө турганын белгиледи. «Бизде электр наркы башка өлкөлөргө салыштырмалуу 3-4 эсе арзан, «социалдык тариф» деп койсок да болот. Ошондуктан, анын баасын акырындык менен жогорулатууга туура келет», - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий