• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Ошэлектр” ишканасынын жооптуу адамдары бюджетке 30 млн сомдон ашык зыян келтирген

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы коммерциялык же башка уюмдагы ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча “Ошэлектр” ААКга карата сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан (Финпол) билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган ишкананын жооптуу адамдары Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашпай туруп, (аянты 1 665 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан, жалпы аянты 619,66 чарчы метр болгон административдик имаратты сатышкан) Энергия сатуунун мурунку административдик имаратын жана ага жанаша жайгашкан жер тилкесин 8 миллион сомго сатышканы аныкталды (болжол менен 100 миң АКШ доллары), аны сатуу учурундагы ушул сыяктуу жер участогунун орточо базар баасы 1 сотук жер үчүн болжол менен 30 миң АКШ долларын түзгөн.

Ошентип, “Ошэлектр” ААКтын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашык суммада өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Учурда “Ошэлектр” ААКтын жооптуу адамдарын жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген акчалай зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий