• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Ошэлектрдеги” коррупция. Ноокат РЭТтин мурдагы жетекчиси кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Башкы прокуратура тарабынан “Ошэлектр” ААКнын жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарышып, бул аракеттерден улам 134 млн 404 миң 877,09 сомдук зыян келтирген факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында Ноокат райондук электр тармактары ишканасынын мурдагы жетекчиси, учурдагы Кызыл-Кыя жылуулук электр борборунун жетекчисинин орун басары А.И., кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Эске салсак, аталган кылмыш ишинин алкагында “Ошэлектр” ААК мурдагы жетекчиси Д.Д.И., кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.

Азыркы тапта кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий