• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошко аткезчилик жол менен 18 тонна мандарин алып кирген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен алынып келген 18 тонна мандарин аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында мыйзамсыз товар алып келүүгө шектелип "Вольво FH12" жүк унаасынын айдоочусу токтотулган. Унаанын айдоочусу Кыргызстандын жараны болгон.

Унааны текшерүүдө Пакистандан чыгарылган ("ARSHAD" үлгүсүндөгү) мандариндер аныкталган. Тийиштүү документтери жок мандариндер жыгач кутуга салынып, жалпы 2 миң куту болгон. Анын салмагы (таза салмагы) 18 тоннага жетип, орточо баасы 720 миң сомду түзгөн.

Материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий