• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошко аткезчилик жол менен күйүүчү май киргизүүгө аракет жасашкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.07.19. /Кабар/. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш мамлекеттик кызматынын жана УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарына аткезчилик жол менен АИ- 80 үлгүсүндөгү күйүүчү майды киргизүүгө аракет жасагандар кармалды.

Финполициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, акциздик топко кирген азыктардын мыйзамсыз айлануусун аныктоого багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө Ош шаарына кире беришинде эки күйүүчү май ташуучу унаа токтотулган. Документтер боюнча алар 77 миң 720 литр нефрас ташып келе жаткандыгы көрсөтүлсө, чындыгында анын ичинде АИ-80 бензини болгон.

Күйүүчү майды мыйзамсыз ташуу фактысы Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

Мындай мыйзамсыз иш-аракеттердин жыйынтыгында мамлекетке 675 миң 483 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий