• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошко Бишкек мэриясынан тажрыйба алмашуу максатында делегация келди

Аймак 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Ошко Бишкек мэриясынан тажрыйба алмашуу максатында делегация келди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-апрель күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун башчысы Бектурган Орозбаев жана Бишкеке шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Ренат Айтымбетов баштаган жумушчу топ менен жолукту.

Ага Ош шаарынын мэриясынын бөлүм башчылары, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жолугушуунун максаты Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын арасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы жетишкендиктер жана көйгөйлөр боюнча тажрыйба алмашуу болуп саналат.

Биринчи вице-мэр Замир Юсупов Ош шаарында жүрүп жаткан алгылыктуу иштер менен тааныштырып, тажрыйба алмашып, аны менен катар көйгөйлөрдү ортого салууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн билдирип, эки күндүк иш-сапарга ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий