• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошко Бишкек мэриясынын өкүлдөрү тажрыйба алмашуу үчүн келди

Аймак 0

Бишкек, 24.11.18. /Кабар/. Кечээ, 23-ноябрда Ош шаарынын мэриясына Бишкек шаарынын мэриясынан тажрыйба алмашуу үчүн делегация келди.

Делегацияны КРнын өз алдынча башкаруулардын Союзунун директору Өмүрбек Алманбетов баштап, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары келген. Иш-чарага Ош шаарынан вице-мэр Асылбек Топчубаев, тийиштүү мекемелердин жетекчилери , мэриянын бөлүм башчылар жана аймактык кеңештердин өкүлдөрү катышууда.

Тажрыйба алмашуунун максаты республикалык деңгээлдеги шаарлардын тыгыз байланышта иш алып барууларына өбөлгө түзүү, мыкты практикалары менен бөлүшүү жана ишмердүүлүктөрүн жакшыртуу боюнча маселелерди талкуулоо болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө эки тарап ишмердүүлүктөрү, өзгөчө долбоорлору тууралуу презентацияларды жасашып, талкууланууда. Тажрыйба алмашуу иш-чарасы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий