• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошко Екатеринбургдан келген 233 кыргызстандык обсервацияга алынып, сегизинен вирус аныкталган

Аймак 0

Бишкек, 06.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Екатеринбург шаарынан Ошко учуп келген 233 кыргызстандык обсервацияга алынып, сегизинен вирус аныкталган. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов брифингде билдирди.

Мэрдин маалыматына таянсак, атайын түзүлгөн графиктин негизинде эртеңден тартып мекенине кайтууну каалаган Новосибирсктеги жарандар алып келинет.

"Екатеринбургдан учуп келген 233 кыргыз жаранын мобилдик топ, медкызматкерлердин жардамы менен обсервацияга алганбыз. Аялдарды өзүнчө, эркектерди өзүнчө обсервацияга киргизгенбиз. Аларга толук шарт түзүлгөн. Тилекке каршы, келгендердин ичинен 8 жаранда коронавирус аныкталды. Үч күндөн кийин обсервацияда болгон жарандар мобилдик топтор тарабынан үйлөрүнө жеткирилди. Бүгүнкү күндө алар үй карантининде болууда. 14 күндөн кийин кайра анализдер алынат", - дейт ал.

Эскерте кетсек, 30-майда Россиянын Екатеринбург шаарынан Ош шаарына 233 кыргызстандык жаран (чоң кишилер 217, балдар 16 ) учуп келген.

Пикир

Оставить комментарий