• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошко Екатеринбургдан кыргызстандык жарандар кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-августта Ошко «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен 171 кыргызстандык кайтып келди, арасында жаш балдар бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жарандардын кайтып келиши дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашуусунун негизинде ишке ашырылды.

Аталган каттам менен Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Магнитогорск, Курган жана Пермде жүргөн турмушу оор кырдаалдагы жарандар келди.

Бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси келип түшкөн жарандардын кайрылууларын, Урал федералдык аймагындагы шаарлардын жана региондордогу кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилеринин сунуштарын жана «Урал аба жолдору» авиакомпаниясына билеттерди мурда сатып алгандарды эске алуу менен түзүлдү.

ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий