• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошко Каракол шаарынан иш сапары менен делегация келди

Аймак 0

Бишкек, 10.01.18. /Кабар/. Бүгүн, 10-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев жана шаардык кеңешинин төрагасы Эрлан Айсаракуновду кабыл алды,-деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө шаарлар арасындагы кызматташуу жана тажырыйба алмашуу багытында сүйлөшүүлөр жүрдү.

Ош шаарынын башчысы Айтмамат Кадырбаев келген делегацияны жылуу кабыл алып, эки шаардын тажырыйба алмашуу багытындагы кызматташуусу жакшы жыйынтык берип, мамлекетти мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө боло тургандыгын белгиледи.

Каракол шаарынын мэри жана шаардык кеңештин төрагасы баштаган делегация бир күндүк иш-сапарынын алкагында Ак-Тилек кичи районунда курулуп жаткан150 орундуу оорукананын курулуш иштери менен таанышып, жаңы курулган мектеп, бала бакчаларды көрүп чыгат. Ошондой эле жашылдандыруу, көктөндүрүү, шаардагы жолдорду жана көп кабаттуу үйлөрдү жарыктандыруу боюнча тажырыйба алмашат. Шаарга коюлган отканалар жана саркынды суу тазалоочу бекетин ишин көрөт.

Пикир

Оставить комментарий