• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарына Казакстандын саламаттык сактоо министрлигинен делегация келди

Аймак 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Күн мурун, 28-январь күнү Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров «Primary Health Care» улуттук ассоцациясынын президенти Толебай Рахыпбеков баштаган Казакстандын саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында Казакстандын «Primary Health Care» улуттук ассоцациясы менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу жөнүндө сөз болуп, медициналык кызматкерлер жана ооруканалар менен баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жаатында тажрыйба алмашуу боло тургандыгы кошумчаланды.

Окутуу үчүн келген делегациянын максаты баштапкы медициналык жардам көрсөтүүнүн жаңы стандарттары жана түрлөрү менен тааныштыруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий