• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошко Красноярсктан Кыргызстандын жарандары учуп келди

Коом 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. Күн мурун, 27-августта Кыргызстанга «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын «Красноярск - Ош» багыты боюнча чартердик каттамы менен 153 Кыргызстандын жараны учуп келди, арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.

Бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси Красноярскта жашаган кыргызстандыктардын өз ара аракеттешүүсү боюнча түзүлгөн ыкчам штабынын алдындагы комиссия тарабынан КР жарандарынын жеке өтүнүчтөрүнүн негизинде түзүлгөн.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий