• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошко мэрдин кубогуна катышуу үчүн Өзбекстандан футболчулар келди

Аймак 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 2-июнда “Алай” футбол клубунун президенти, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов “Мэрдин кубогу - 2022” футбол боюнча эл аралык турнирге катыша турган Өзбекстандын “Бунёдкор” (Ташкент), Андижан (Андижан) жана “Алай” (Ош) футбол командаларынын башкы машыктыруучулары менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда мэр аталган командалардын бул турнирге катышуусу күйөрмандар үчүн чоң майрам экенин белгилеп, турнирдин бардык катышуучуларына ийгилик каалады.

Өз кезегинде командалардын машыктыруучулары мэрге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте да өлкөбүздө өтүүчү эл аралык клубдук мелдештерге катыша тургандыктарына ишеним билдиришти.

Жолугушууда Ош шаарынын футболчулары менен Өзбекстандын футболдук командаларынын ортосунда тажрыйба алмашуу, ошондой эле Ош шаардык стадионунун инфраструктурасын жакшыртуу, стадиондун электрондук таблолорун, жарыктандыруу системаларын жаңыртуу боюнча тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий