• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ошко Москвадан 148 жаран кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 4-июль күнү Ош шаарына Москвадан 148 жаран кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын жарандары “Авиатраффик Компани” авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

Министрликтен билдиришкендей, мекенине кайтууну каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, келе турган жарандардын тизмеси Москвадагы кыргыз медициналык клиникаларынын дарыгерлеринен, кыргыз диаспорасынын, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардын жеке кайрылууларынын негизинде гуманитардык критерийлер боюнча түзүлгөн. Маселен, бул каттам менен кош бойлуу жана кичинекей балдары бар аялдар, Россиянын окуу жайларында билим алган студенттер, мекенине кайтууга жүйөлү себептери бар жарандар (жакын тууганын жоготкон, оор илдети бар, жакында арада операция болгон жарандар) кайтарылган.

Учуп келген жарандардын баары тиешелүү тартипте обсервацияга жаткырылат.

"Чет жерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылууда", - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий