• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошко Москвадан 153 жаран, анын ичинде 19 медицина кызматкери учуп келди

Коом 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Ош шаарына Москвадан 153 жаран, анын ичинде кичинекей балдар кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мекенине кайтууну каалаган жарандардын саны көп болгондуктан келе турган жарандардын тизмеси Москвадагы кыргыз медициналык клиникаларынын дарыгерлеринен, кыргыз диаспорасынын, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Ошондой эле бул каттам менен кыргызстандык кесиптештерине коронавирус жана пневмония ооруган бейтаптарды дарылоого жардам берүү үчүн ыктыярдуу түрдө 19 мекендеш - медицина кызматкери келген.

"Чет жердеги Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий